БШК: 16 миңден ашуун кыргызстандык “Шайлоочулар кабинетин” ачышты
17 сентябрь

БШК: 16 миңден ашуун кыргызстандык “Шайлоочулар кабинетин” ачышты

“Шайлоочулар кабинетине”  идентификациялоо жана аутентификациялоонун бирдиктүү системасы  (ОЭП, eID-карта, QR) же FACEID биометрикасынын жардамы менен белгиленген тартипте авторизациялоодон кийин кирүүгө болот. 

 Шайлоочуну идентификациялоо, аутентификациялоо жана авторизациялоо электрондук кол тамга аркылуу Бирдиктүү система жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Каалаган шайлоочу “Шайлоочулар кабинетине” ката же так эмес маалымат кеткен болсо аны кабарлап, шайлоочулар тизмесинен өзүн таппаса же аралыктан добуш берүү ниети тууралуу арыз берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

Бүгүнкү күнгө чейин 16 миң 707 шайлоочу “Шайлоочулар кабинети” аркылуу арыз беришти. Алардын арасында: 

- ката же так эмес маалымат тууралуу – 37;
- шайлоо дарегинин өзгөргөнү тууралуу – 15 миң 894; 
- электрондук добуш берүүгө катышуу ниети тууралуу – 776 арыз түшкөн.