Телефонго тартып алышкан. Кара-Балтада өспүрүмдөр тобу 16 жаштагы кызды сабашкан
11 май

Телефонго тартып алышкан. Кара-Балтада өспүрүмдөр тобу 16 жаштагы кызды сабашкан

Кара-Балтада өспүрүмдөр тобу 16 жаштагы кызды сабап, аны видеого тартып алышкан. Окуя 7-майда кечинде мектеп окуучусу дүкөндөн үйүнө кайтып келе жаткан учурда болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, бир нече жашы жете элек кыз жабырлануучуну курчап алып, сабай башташкан. Кол салгандар кызды колу-буту менен тепкилеп, чачынан сүйрөп, ал жерге жыгылып калгандан кийин да токтобой ур-токмокко алышкан. Болуп жаткан окуяны телефонго тартып турушкан.

Урушту ошол жерден өтүп бара жаткан кокус күбө токтотуп, өспүрүмдөрдү ажыраткан.

Окуядан кийин жабыркаган кыздын чоң энеси милицияга кайрылган. Чүй ОИИБден билдиришкендей, бул окуяга 2009, 2010 жана 2013-жылы туулган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн тиешеси бар экени аныкталган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.