Эми Кыргызстанда дары-дармектерге рецепт эл аралык стандартка ылайык жазылат
10 сентябрь

Эми Кыргызстанда дары-дармектерге рецепт эл аралык стандартка ылайык жазылат

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында дары-дармектерге рецепт жазуу тартибин бекитти.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ калкты дары-дармек менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Бул токтом менен дары-дармектерге рецепт жазуу эрежелери, дары-дармектерди рецепт боюнча берүү эрежелери, саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектерге талаптарды (заявкаларды) жазуу жана тариздөө тартиби, рецепт бланктарын сактоо эрежелери бекитилди.

Рецепт боюнча берилүүчү дары-дармектер эл аралык патенттелбеген аталыштары менен латын тилинде электрондук форматта жана/же кагаз жүзүндө – бекитилген үлгүдөгү рецепт бланктарында жазылары белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ушул токтом менен бекитилген рецепт бланктарынын формаларын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көбөйтүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү тапшырылды.