Бишкекте №8 троллейбустук каттамдын схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү
Бишкекте 17-сентябрдан тарта №8 троллейбустук каттамы жарым-жартылай өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иштейт.
Мэриянын маалыматына караганда, мындай чара М.Горкий көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.
Эгерде мурда маршруттун акыркы аялдамаларынын бири Тунгуч кичи району болсо, эми троллейбус Аламедин-1 кичи районуна чейин каттайт.
Белгилей кетсек, №8 троллейбус Ак-Өргөдөн Аламедин-1 кичи районуна чейин убактылуу каттайт.
