Баткен облусундагы шайлоо тилкелеринде коомдук тартип көзөмөлдө.
Баткен облусунун аймагында КР Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан шайлоодо коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 1000ден ашуун милиция кызматкерлери тартылды.
Облустук милициядан билдиришкендей, ар бир шайлоо участкасына милиция кызматкерлери бекитилип, алар ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте иш алып барышууда.
Азыркы убакта облус аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Шайлоочулар тарабынан мыйзам бузуу фактылары каттала элек.
