Ош менен Гянжа ортосунда боордоштук байланыштар түзүлдү
Ош мэриясы
31 июль

Ош менен Гянжа ортосунда боордоштук байланыштар түзүлдү

Бүгүн, 32-июлда Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда Ош шаары менен Азербайжандын Гянжа шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү боюнча меморандумга кол коюу жана алмашуу аземи өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган документтер менен алмашышты.

Аталган меморандум эки шаардын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, өз ара пайдалуу байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле шаардык башкаруу, маданият жана башка тармактарда тажрыйба алмашууну жандандырууга багытталган.