Чолпон-Атада ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн жыйыны башталды
Чолпон-Атада 10-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн 44-кеңеши ишин баштады.
Жыйынга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдарынын жетекчилеринин орун басарлары, ошондой эле ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору катышууда.
Иш-чарага Кыргызстан төрагалык кылууда.
