Кара-Сууда жер алып берем деп 2,5 млн сомго алдап кеткендер кармалды 
Ош ОИИБ
8 июль

Кара-Сууда жер алып берем деп 2,5 млн сомго алдап кеткендер кармалды 

Кара-Сууда жер тилкесине байланыштуу алдамчылыкка шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирет. 

Маалыматка ылайык, 7-июлда райондук милицияга 1966-жылы туулган С.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда 2024-жылдын январь айында Датка айыл өкмөтүнүн азыркы учурдагы жер адиси К.С.А. аттуу жаран өзүнүн шериктери Датка айыл өкмөтүнө караштуу Шарк айылынын башчысы Я.И.Ю. жана эч кандай кызматта иштебеген Ш.Д.К. аттуу жарандар менен биргеликте анын ишенимине кирип, Датка айыл өкмөтүнө караштуу Ачы массивинен жер тилкесин алып берүүнү убадалап, жалпы суммасы 2 млн 536 миң 500 сом акча каражатын алып, ушул күнгө чейин жер тилкесин дагы, акчасын дагы кайтарып бербегендигин билдирген.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган К.С.А, 1975-жылы туулган Я.И.Ю. жана 1991-жылы туулган Ш.Д.К. аттуу жарандар кылмышка шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 98-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилип, тергөө иштери улантылууда.