Бишкекте май майрамдарында ар бир мүнөт сайын жол эрежесин бузуу фактысы катталган
11 май

Бишкекте май майрамдарында ар бир мүнөт сайын жол эрежесин бузуу фактысы катталган

1-майдан 10-майга чейин Бишкек шаарынын милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы борбор калаада жол кыймылынын эрежесин бузган 13 миң 573 фактыны аныктады. Бул тууралуу 11-майда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Май майрамдары учурунда Бишкекте орточо эсеп менен ар бир мүнөт сайын дээрлик бирден жол эрежесин бузуу катталган.

Аныкталган мыйзам бузуулардын арасында:

— 286 айдоочу мас абалында унаа башкарган;
— 36 автоээнбаштык фактысы;
— 203 мыйзамсыз караңгылатуу (тонировка);
— 66 түз агымдуу үн күчөткүчү (прямоток) бар автоунаа;
— 632 айдоочу тиешелүү документтерсиз унаа башкарган;
— 164 каршы тилкеге чыккан учур катталган.

Мындан тышкары, 3 миң 160 автоунаа айып короого токтотулган.