Балыкчыда кооптуу жана кароосуз калган объектилер боюнча иштер башталды
Бүгүнкү эртең мененки рейд учурунда Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев колдонулбаган жана кооптуу объектилерге өзгөчө көңүл бурду. Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга бул объектилердин абалы боюнча техникалык корутунду алууну тапшырды.
Эгерде бул имараттар же аймактар кайра колдонууга жараксыз болсо, анда аларды бузуу керек. Мэр биринчи кезектеги үч өзгөчө кооптуу объект менен иштөөнү тапшырды.
Бул тапшырмалар шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга жана шаардын көрүнүшүн жакшыртууга багытталган.
