Жогорку Кеңешинин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
14 март

Жогорку Кеңешинин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Шаирбек Ташиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.