Ош: Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнү жаңылоо иштери жакында башталат
Ош мэриясы
30 апрель

Ош: Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнү жаңылоо иштери жакында башталат

Ош шаарындагы Р. Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнү жаңылоо иштери жакынкы күндөрү башталат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Долбоордун алкагында көпүрөдөгү кыймыл тилкесин бөлүүчү жери жашылдандырылат. Аны үчүн көчөттөр Италиядан, Өзбекстандан буюртма менен алып келинди.

Буга чейин социалдык тармактарда аталган көчөнү жашылдандыруу, оңдоп-түзөө иштери токтоп калганын жарандар айтып чыккан. Шаардык мэрия долбоор эми гана соңуна чыкканын, бир апта ичи бул жайда жумуш башталаарын билдирет.