Тармактык комитетте эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды
6 апрель

Тармактык комитетте эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

Бүгүн, 6-апрелдеги Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Демилгечилер – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган комитет төрагасынын орун басары Гүлнара Баатырова белгилегендей, «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамды жана ага байланыштуу башка мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Гульнара Акимбаева эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 90-беренесине ылайык, эмгек акыны, пенсияны, жөлөкпулду төлөбөө үчүн атайын жоопкерчилик каралганын айтып:

«Биздеги маалыматтарга ылайык, 2023-жылы ушул берене боюнча 9 иш каралып, 450 миң сомдон ашык өлчөмдө айып пул салынган. Ал эми 2024-жылы 11 иш козголуп, 715 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ошол эле учурда 2025-жылы бул берене боюнча бир дагы иш каралган эмес экен», – деген депутат жооптуу министрликке бул багытта ишти күчөтүүнү сунуштады.

Буга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов бул сунуш тактала турганын белгилеп, мыйзам долбоорунун алкагында аталган беренени «эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдар» деген сөздөргө кошумча «стипендиялар жана башка социалдык төлөмдөр» деген сөздөр менен толуктоо сунушталып жатканын маалымдады. Муну менен катар депутат Улукбек Карыбек уулу эмгек мыйзамдарынын талаптарын бузуу катталганда кайсы учурларда кылмыш-жаза, ал эми кайсы учурларда административдик жоопкерчилик караларын тактады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору депутаттардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен экинчи окууда колдоо тапты.