Бишкекте курулуш объекттеринин биринде 30 жаштагы жумушчу каза болду
11 май

Бишкекте курулуш объекттеринин биринде 30 жаштагы жумушчу каза болду

Бишкекте курулуш объекттеринин биринде 30 жаштагы жумушчу каза болду. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 10-майда 1994-жылы туулган Э.В. аттуу эркек киши имараттын 10-кабатында лифт жабдууларын орнотуу иштерин аткарып жаткан учурда лифт шахтасына кулап түшкөн. Ал алган оор жаракаттардан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында КР Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси («Тоолуу, курулуш же башка иштерди жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу») боюнча катталган.

Иш боюнча подряддык уюмдун техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышына жооптуу А.Н. аттуу жаран шектүү катары кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, подрядчынын өкүлдөрү жана курулуш аянтындагы жумушчулар суракка алынып, окуянын бардык жагдайлары такталууда.