Башка жакка багытталган каттамдардын жүргүнчүлөрү "Ак-Жол" пункту аркылуу Кыргызстанга келишти
www
8 июль

Башка жакка багытталган каттамдардын жүргүнчүлөрү "Ак-Жол" пункту аркылуу Кыргызстанга келишти

«Манас» эл аралык аэропортунун убактылуу жабылышынан улам башка жакка багытталган каттамдардын жүргүнчүлөрү бүгүн эртең менен кыргыз-казак чек арасын кесип өтүп, Кыргызстанга келишти.

Алдын ала маалыматка ылайык, «Манас» аэропортундагы авиациялык окуядан кийин айрым каттамдар Алматы жана Ош шаарларына багытталган.

Алматыга жеткирилген жүргүнчүлөр бүгүн эртең менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүп, Кыргызстанга кайтып келишти. Калган жүргүнчүлөр мейманканаларга жайгаштырылды.

Эске салсак, 7-июлда «Манас» аэропортунда Бишкек–Ош багыты боюнча учууга камынып жаткан TezJet авиакомпаниясынын учагы кырсыкка кабылган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак көтөрүлүп бара жаткан учурда арткы шассинин бир таянычы сынып, натыйжада аба кемеси сол канатына кыйшайып, учуп-конуу тилкесине жөлөнүп калган.

Учактын бортунда 181 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Алардын бардыгы авариялык трап аркылуу эвакуацияланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондор жана оор жаракат алгандар жок.

Окуядан улам аэропорт убактылуу учактарды кабыл алууну жана жөнөтүүнү токтоткон. Кийинчерээк «Аэропорттор Кыргызстан» ААК тарабынан «Манас» эл аралык аэропорту кайрадан ишин жандантканы жана каттамдар жаңыланган график боюнча аткарылып жатканы маалымдалган.