ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Талапкерлердин саны 13кө жетти
3 октябрь

ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Талапкерлердин саны 13кө жетти

КРнын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого азырынча 13 арыз келип түштү.

Талапкерлер:

  1. Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна — №23 шайлоо округунан талапкер, Жогорку Кеңештин депутаты, 1978-жылы 23-ноябрда туулган.
  2. Мамадумаров Ахмеджан — №4 шайлоо округунан талапкер, пенсионер, 1957-жылы 17-октябрда туулган.
  3. Абсатаров Азамат Асаттулаевич — №2 шайлоо округунан талапкер, Жогорку Кеңештин кызматкери, 1988-жылы 16-ноябрда туулган.
  4. Керимбаев Мураталы Топчубаевич — №15 шайлоо округунан талапкер, 1976-жылы 16-декабрда туулган.
  5. Карыбек уулу Улукбек — №24 шайлоо округунан талапкер, 1990-жылы 13-октябрда туулган.
  6. Набиева Асель Бурхановна — №1 шайлоо округунан талапкер, Жогорку Кеңештин кызматкери, 1983-жылы 8-октябрда туулган.
  7. Бекешев Дастан Далабайевич – №22 шайлоо округунан талапкер, Жогорку Кеңештин депутаты, 1983-жылы 22-ноябрда туулган. 
  8. Джаилов Таалайбек Карыпович – №27 шайлоо округунан талапкер.
  9. Айдарова Айгүл Абдисаламовна – №1 шайлоо округунан талапкер, Жогорку Кеңештин депутаты.
  10. Капалов Адылбек Эшимбекович – №16 шайлоо округунан талапкер,  «Модуль Строй» ЖЧКсынын башкы директору.
  11. Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович – №26 шайлоо округунан талапкер, КММАнын пропедевтикалык хирургия кафедрасынын башчысы.
  12. Ибрагимов Болот Адылбекович – №22, шайлоо округунан талапкер, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.
  13. Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – №22 шайлоо округунан талапкер, «Нурстрой» компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси.

Эске сала кетсек, президенттин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 жарлыгына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшемби күнүнө дайындалган.