
Майыптуулугу бар балдарга жөлөк пул алууга кандай документтер керек?
Жөлөкпул алуу үчүн арыз ата-энелер (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлдөчүүлөр) тарабынан берилет.
Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн адамдар өзүнчө жашаса, анда арыз бала менен чогуу жашаган ата-энесинин (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) жашаган жери боюнча берилет.
Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулга кайрылууда төмөнкүдөй документтер керек:
- арыз ээсинин паспорту;
- баланын/балдардын туулгандыгы тууралуу маалымат/күбөлүк ;
- жашаган/турган жери боюнча каттоо жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана);
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгын тастыктаган маалыматы.