Төраганын орун басары Россиянын Свердлов облусунун депутаттарын кабыл алды
9 октябрь

Төраганын орун басары Россиянын Свердлов облусунун депутаттарын кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар Сеидбек Атамбаев, Медербек Алиев жана Саидбек Зулпуев Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарын кабыл алды. 

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, аймактар аралык байланыштарды чыңдоо тууралуу да сөз болду. 

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев тарыхый байланышы терең эки мамлекетти узак жылдарды камтыган алакалар жакындатып турарын белгилеп, калыптанган кызматташтыкты бардык багыттарда улантуу зарылчылыгына токтолду.  

“Россия Федерациясы биздин стратегиялык негизги өнөктөшүбүз. Айрыкча Россиянын эң чоң өнөр жай борбору жайгашкан Свердлов облусу менен соода жүгүртүү, кайра иштетүү тармактарында, айрыкча айыл чарба багытында биргелешип иш алып барууга кызыкдарбыз. Андан тышкары миграция, билим берүү, маданият тармактарында да кызматташуу артыкчылыкка ээ” – деди Нурланбек Азыгалиев. 

Ошондой эле маданий-гуманитардык маселелерди кеңири сөз кылган Төраганын орун басары быйыл улуу акын Михаил Лермонтовдун 210 жылдыгы өтүп жатканын, ага ылайык мерчемделген “Лермонтов: муундардын диалогу” аталышындагы эл аралык фестивалдын маанилүүлүгүнө токтолду. 

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Свердлов облусунун мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Вячеслав Вегнер кыргыз тараптын жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирип, айтылган ар бир сунушту колдой тургандыгын кошумчалады.

Ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.