
Башкы консул Максат Тентимишов россиялык туристтерди Кыргызстанга эс алууга чакырды
Екатеринбург шаарында «Чоң Урал-2024» 11-Эл аралык туристтик форуму болуп өттү, анда «Туризм жана меймандостук индустриясы» улуттук долбоорунун алкагында туристтик продукцияны өнүктүрүүдөгү жаңы ыкмалар талкууланды.
Форумдун ардактуу конокторунун бири болуп Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Максат Тентимишов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө Кыргызстандагы туризмдин артыкчылыктарына токтолуп, россиялык туристтерди өлкөбүзгө эс алууга чакырды.
Башкы консул туризм Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн негизги тармактарынын бири болуп санала тургандыгын, республикада туризм инфраструктурасын жакшыртуу жана чет элдик туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жигердүү иштер уланып жатканын белгиледи.
Иш-чаранын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу презентация жасап, өлкөнүн уникалдуу жаратылыш жана маданий кооз жерлерин көрсөтүштү.
Өзгөчө көңүл Ысык-Көл, Тянь-Шандын тоолуу жолдору, ошондой эле Улуу Жибек жолунун тарыхый эстеликтери сыяктуу негизги дестинацияларга бурулду.
Форумдун катышуучулары туризм тармагында ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Куршевел», «Байтик Резорт» жана «Чаткал Резорт» долбоорлору менен тааныша алышты.
Мындан тышкары, катышуучуларга туристтик маршруттар, эс алуу мүмкүнчүлүктөрү жана туризм тармагындагы келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, маалыматтык материалдар тартууланды.
Презентация форумдун катышуучуларынын чоң кызыгуусун жаратты.