Чүй облусунун ИИББнын кылмыш иликтөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги Таалайбек Болтаевди ардактуу эс алууга узатуу аземи
9 июнь

Чүй облусунун ИИББнын кылмыш иликтөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги Таалайбек Болтаевди ардактуу эс алууга узатуу аземи

2025-жылдын 9-июнунда Чүй облусунун ИИББде милициянын полковниги, кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Болтаев Таалайбек Акбаровичти ардактуу эс алууга узатуу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Таалайбек Акбарович ички иштер органдарында 33 жылдан ашуун кызмат өтөп, өзүн жогорку кесипкөйлүгү жана ишине берилгендиги менен айырмалаган үлгүлүү офицер катары көрсөттү.

Иш-чарада Чүй ИИББнын жетекчилиги Таалайбек Акбаровичке көп жылдык ак ниет кызматы, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга кошкон чоң салымы жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, белектерин тапшырышты.