Бакыт Төрөбаев Ош шаарындагы ири өнөр жай долбоорлорун тездетүүнү тапшырды
Президенттин Өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев 7-июлда Ош шаарына иш сапары менен келди.
Иш сапардын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен бирге шаардын аймагында курулуп жаткан ири өнөр жай долбоорлорунун жүрүшү менен таанышышты.
Алгач “Агро өнөр жай комплекси” үчүн бөлүнгөн 71,35 га жер тилкеси жана комплекске суу чыгаруучу суу кампанын курулушун көрдү.
Андан соң Кеңеш айылындагы “Тамак-аш өнөр жай зонасы” үчүн бөлүнгөн жер тилкеси жана “Барбол” кондитердик фабрикасы ЖЧКсынын жаңы өндүрүштүк комплексинин долбоору менен таанышты.“Оор өндүрүш зонасы” үчүн каралган 105 га жер тилкесин да жеринен көрдү.
Соңунда “Эко Азык” ЖЧКсынын базасында курулуп жаткан соода-логистикалык борбордун курулушу менен таанышты.
“Шаарда жаңы өндүрүштөрдү ачууну пландап жатабыз. Бул үчүн инвесторлорду тартууга мамлекеттик деңгээлде колдоо керек. Биздин башкы максат – жумуш орундарын түзүү жана өндүрүштүк маданиятты жогорулатуу - деп белгиледи ал.
Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев мамлекет тарабынан бардык колдоо көрсөтүлөрүн билдирип, долбоорлорду тездетүү тапшырмасын берди.
