Суу үстүндөгү Формула-1. Ысык-Көлдө энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
31 июль

Суу үстүндөгү Формула-1. Ысык-Көлдө энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган UIM F1H2O «Кыргызстандын Гран-приси» дүйнөлүк чемпионатынын жүрүшүндө «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы – Ысык-Көл электр тармактар ишканасы ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр менен камсыздоону камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Мелдеш өтүүчү күндөрү күнү-түнү нөөмөт өтөө үчүн 35 квалификациялуу кызматкерден турган 7 ыкчам бригада уюштурулган. Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүү үчүн жалпы кубаттуулугу 1800 кВА болгон 6 резервдик дизелдик генератор даярдалды.

Бардык ыкчам бригадалар зарыл болгон материалдар, жабдуулар, атайын техника жана байланыш каражаттары менен толук камсыздалып, мүмкүн болгон технологиялык мүчүлүштүктөрдү кыска мөөнөттө жоюуга жана ишенимдүү электр менен камсыздоону камсыз кылууга даяр.

Ошондой эле ишкананын адистери чемпионат өтүүчү жайларды электр менен камсыздаган электр тармактарынын жана энергообъекттердин ишине туруктуу көзөмөл жүргүзүшөт. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралган учурда энергетиктер электр менен камсыздоону мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө даяр.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасы облус тургундарын жана меймандарын электр коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырат жана UIM F1H2O «Кыргызстандын Гран-приси» дүйнөлүк чемпионатынын бардык катышуучуларына жана конокторуна ийгиликтүү мелдештерди, коопсуздукту жана жагымдуу таасирлерди каалайт.