
Кыргызстандын долбоору дүйнөдөгү эң мыкты 20 санариптик демилгелердин катарына кирди
КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги дүйнөлүк деңгээлдеги ири жетишкендик жөнүндө билдирет: ымыркайларды каттоо үчүн маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча иштелип чыккан долбоор эл аралык SDG Digital Game Changers сынагынын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 20 санариптик демилгелердин катарына кирди
Бул долбоор КР СӨМ тарабынан 2024-жылдын май айында башталган. Анын максаты - жаңы төрөлгөн балдарды толук документтештирүү.
Эми туулгандыгы тууралуу маалымат түздөн-түз төрөт үйлөрүнөн СӨМгө түшөт. Эгерде 60 күн ичинде ата-энелер туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер кабардар болуп, каттоодо жардам беришет. Бүгүнкү күнгө, 1200 баланын арасынан 600ү документтештирилди, иш уланууда.
Кыргызстан "Тынчтык" (Peace) категориясында Польша, Катар, Сауд Арабиясы жана Бразилия долбоорлорун артта калтырып, биринчи орунду ээледи.