ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Андрей Сердюков:  Биздин союздаштык мамилебиз чыңдалууда
16 сентябрь

ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Андрей Сердюков:  Биздин союздаштык мамилебиз чыңдалууда

КР Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, машыгууларга ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн контингенти – Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан катышты. Алардын ичинде аскердик контингенттер, ИИМдин атайын бөлүктөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жана атайын кызматтарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын, ошондой эле ЖККУнун Бириккен штабынын жана катчылыгынын оперативдүү топторунун түзүмдөрү бар.

 Машыгуулардын жүрүшүндө жамааттык күчтөр калктуу аймактарда жана Ысык-Көлдө  суу үстүндө мыйзамсыз куралдуу топторго бөгөт коюу жана жок кылуу, ошондой эле Улуттук коопсуздук органдарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин катышуусунда согуштук аракеттердин кесепеттерин жоюу боюнча чеберчиликтерин көрсөтүштү.  

Ага жалпысынан 1500гө жакын аскер кызматкерлери жана 300гө чейин курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде учактар, ар кандай типтеги учкучсуз  учактар, согуштук катерлер жана абадан коргонуу системалары тартылды.

ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Андрей Сердюков машыгууларды Жамааттык күчтөрдүн макулдашылган аракети катары баалады. 
“Биздин союздаштык мамилебиз чыңдалууда, Жамааттык күчтү өнүктүрүп жатабыз, башкаруу органдарынын даярдыгын жогорулатуу үчүн ишенимдүү негиз түзүп, ошондой эле алдыга койгон милдеттерди аткарууда жамааттык коопсуздукту коргоо системасынын күчүн жана каражатын калыптандыруудабыз. 

Көрүлгөн чаралар Уюмга мүчө мамлекеттердин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн жамааттык негизде коргоого багытталганын, эл аралык стандарттарга толугу менен шайкеш келерин жана башка өлкөлөргө каршы багытталбаганын баса белгилегим келет.

Жыйынтыктап айтканда, машыгуулардын жүрүшүндө топтолгон тажрыйбага карабастан, жетишилген натыйжалар менен токтоп калбастан, Жамааттык күчтөрүбүздү мындан ары  өнүктүрүүгө жана ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун чыңдоого умтулушубуз керектигин белгилегим келет”, - деди Андрей Сердюков.