ЖАМКнын №10 мекемесинде соттолгондорго алгачкы банктык карталар тапшырылды
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №10 түзөтүү мекемесинде эмгекке тартылган соттолгондорго алгачкы жолу «Элкарт» төлөм карталары тапшырылды. Карталарды ОАО «Бай-Тушум Банк» тарабынан жеринде банк кызматкерлери ыйгарышты.
Бул демилге ЖАМКка караштуу «Келечек» мамлекеттик ишканасы менен «Бай-Тушум Банк» ортосундагы кызматташуунун алкагында ишке ашырылууда. Анын негизинде өндүрүштө иштеген соттолгондорго банктык эсеп ачылып, алардын эмгек акысы түздөн-түз картага которулат.
Жаңы система соттолгондорго акча каражаттарын мыйзам чегинде пайдаланууга, жакындарына которууга жана милдеттенмелерин төлөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, бул кадам каржылык ачык-айкындуулукту камсыздап, акча каражаттарын туура пайдалануу көндүмдөрүн калыптандырууга жана боштондукка чыккандан кийинки жашоого даярдыкты күчөтүүгө багытталган.
Бул долбоор Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында эмгек менен камсыз кылууну өнүктүрүү жана заманбап каржылык механизмдерди киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүү бөлүгү болуп саналат.
