Бишкек шаарынын ИИББнын Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан “Арсенал” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү
Өткөн аптада, Борбордук милициянын кызматкерлери тарабынан, Кыргыз Республикасынын “Курал жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, кызматтык жана жарандык курал-жарактарды, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартибин көзөмөлдөө боюнча “Арсенал” аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 268-беренесинин негизинде (куралды мыйзамсыз алып жүрүү) мыйзам бузуулар аныкталып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, каттоодо турган куралы бар мекемелери жана жеке-менчик күзөт кызматкерлеринин иш алып баруусунда куралды алып жүрүү жана уруксат кагаздарына текшерилди. Ошону менен бирге, жеке-менчик күзөт кызматынын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин негизинде 10-протокол түзүлүп, 30000 сомго айып пул салынды.
