Саламаттык сактоо министрлиги жатын моюнчасынын рагын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүдө
30 апрель

Саламаттык сактоо министрлиги жатын моюнчасынын рагын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүдө

2026-жылдын 29-апрелинде саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова эксперттик коомчулук, ЮНФПА жана Үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы менен биргеликте жатын моюнчасынын рагын алдын алуу жана эрте аныктоо маселелерине арналган жумушчу кеңешме өткөрдү.

Тегерек столдун ишин ачып жатып, сөз жаңы лабораториялык тестти жөн гана киргизүү жөнүндө эмес, алдын алуунун системалуу моделине өтүү тууралуу болуп жатканы белгиленди. Бул моделде максаттуу топтогу ар бир аял чакыруудан жана тестирлөөдөн баштап, жыйынтыкты алууга жана зарыл болгон учурда андан аркы медициналык коштоого чейин толук жана башкарылуучу маршруттан өтөт.

Жатын моюнчасынын рагы дээрлик толугу менен алдын алууга мүмкүн болгон онкологиялык оорулардын бири бойдон калууда. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, эки негизги инструментти – адам папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөө жана уюштурулган скринингди – айкалыштыруу бул ооруну коомдук саламаттык сактоо маселеси катары жоюуга жакындатат.

Кыргыз Республикасы буга чейин эле баштапкы профилактика жаатында олуттуу жыйынтыктарды көрсөтүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча АПВга каршы эмдөө менен камтуу республика боюнча 90,5% түздү. Кыргызстан Европа регионунда АПВ вакцинасын ийгиликтүү киргизген өлкөлөрдүн алдыңкы ондугуна кирди.

Катышуучулар белгилегендей, жетишилген натыйжалар саламаттык сактоо системасынын, билим берүү секторунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, медициналык кызматкерлердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн координацияланган ишинин аркасында мүмкүн болду.

Ошол эле учурда, кийинки стратегиялык кадам – экинчи даражадагы профилактиканы өнүктүрүү, башкача айтканда, уюштурулган скринингди киргизүү болуп саналат. Саламаттык сактоо министрлиги жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоодо «алтын стандарт» катары АПВ-тестирлөөгө өтүүнү карап чыгууда.

Учурда скринингдин толук циклин түзүүгө: аялдарды маалымдоо жана чакыруудан тартып, материалды туура алуу жана белгилөө, үлгүлөрдү ташуу жана лабораториялык изилдөө жүргүзүү, сапатты контролдоо, жыйынтыктарды өз убагында алуу жана аларды баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына жеткирүү чейин өзгөчө көңүл бурулууда.

«Биздин максат – жөн гана маалымат таратуу эмес, аялдардын саламаттыгын коргоонун ишенимдүү системасын түзүү. Эгерде баштапкы профилактика – бул эмдөө болсо, экинчи даражадагы профилактика – так жана өз убагында диагноз коюу. Скринингдин алтын стандарты катары АПВ-тестирлөөгө өтүү оорунун өнүгүшүнө чейин бир нече жыл мурда тобокелдиктерди аныктоого жана алдын ала чара көрүүгө мүмкүндүк берет», – деп белгиледи саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова.

Учурда саламаттык сактоо системасынын мүмкүнчүлүктөрүн жана экономикалык натыйжалуулукту эске алуу менен АПВ-тестирлөөнү киргизүү боюнча жол картасы иштелип чыгууда.