Кыргызстан менен Германия фармацевтика тармагында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты
7 апрель

Кыргызстан менен Германия фармацевтика тармагында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Германия фармацевтика тармагында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Маалыматка ылайык, агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов немис компаниясы Lenus Health GmbHнин делегация башчысы Сам Азими жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле German Global Trade Forum Berlin уюмунун өкүлдөрү, Эберхард Й. Тремпель жана Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Ленчанка, ошондой эле МедФарм Консалтинг компаниясынын башкы директору Айзада Арзыматова катышты.

Тараптар фармацевтика, медициналык буюмдар жана биологиялык активдүү кошулмалар тармагындагы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Ошондой эле эркин экономикалык аймактар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери аркылуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Белгиленгендей, Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин рыногуна чыгуу үчүн ыңгайлуу аянтча болуп саналат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, келечектеги кыргыз-герман бизнес-форумуна катышууга ниеттеништи.