Камчыбек Ташиев: Алдыдагы шайлоону таза өткөрүү үчүн көзөмөл күчтүү болот
3 октябрь

Камчыбек Ташиев: Алдыдагы шайлоону таза өткөрүү үчүн көзөмөл күчтүү болот

Алдыдагы шайлоону таза өткөрүү үчүн көзөмөл күчтүү болот. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ЖМКлардын бирине берген маегинде билдирген. 

Журналисттин депутат боло турган адамдардын тизмеси эчак бекитилип калыптыр. Кээ бир талапкерлер сиздерден бата алып, аттанганын ачык эле айтып жүрүшүптүр деген суроосуна УКМК башчысы мурунку бийликтер жасаган катаны биз кайталабайбыз деп так кесе жооп берди. 

"Ооба, бата берип жүрүшкөн. Мына ошол бата берген журт башчылары азыр кайда? Бизде орун алган бийлик алмашуулар, революциялар дал ушунун айынан чыкпады беле! Көндүм адаттын калышы кыйын, мен да айрым депутат болгусу келгендердин бизге жол издеп, жолугуп, бата алууга умтулуп жүрүшкөнүн билем. Жада калса, жакын адамдарыбыздын арасында да андайлар бар. Буга окшогондорго ажобуздун да, менин да убактыбыз жок", - деп, таза шайлоо өткөрүү ниетинде абдан чоң жумуш жасалгандыгын кошумчалаган. 

Ошондой эле УКМК башчысы алдыдагы шайлоону таза өткөрүү үчүн көзөмөл күчтүү болорун айтып, жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, эң башкысы тандоодон адашпоого үгүттөдү.

Эске салсак, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары 2025-жылдын 25-сентябрында мөөнөтүнөн мурда тараган. 

Кийинки парламенттик шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт. Тиешелүү жарлыкка 30-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койду.