Бишкекте психотроптук заттарды ташып кирүү жана нарколаборатория уюштуруу аракеттерине бөгөт коюлду.
9 июнь

Бишкекте психотроптук заттарды ташып кирүү жана нарколаборатория уюштуруу аракеттерине бөгөт коюлду.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери жана Мамлекеттик бажы кызматынын «Түндүк» Темир жол мекемеси менен биргеликте баңгизаттарды алып келүү жана өндүрүү аракетинин алдын алышты.

Грузиядан келген эл аралык жөнөтмөнү бажы текшерүүсү учурунда өзгөчө ири өлчөмдөгү психотроптук заттын аналогу алынган, андан 3 килограммдан ашык мефедрон даярдоого болмок.

Толук маалымат ИИМдин расмий сайтында.