Өзбекстандын аэропорттору UT кодун UZ деп өзгөрттү
3 октябрь

Өзбекстандын аэропорттору UT кодун UZ деп өзгөрттү

Өзбекстандын аэропорттору UT кодун UZ деп өзгөрттү. Бул тууралуу Транспорт министрлигине караштуу Узаэронавигация борбору билдирди.

2-октябрдан тарта Өзбекстандын бардык аэропорттору ИКАОнун (Эл аралык жарандык авиация уюму, БУУнун агенттиги) коддорун өзгөрттү. Эми мурдагы UT белгисинин ордуна аэропорттордун Өзбекстанга тиешелүүлүгүн чагылдырган UZ колдонулат.

Ташкент эл аралык аэропортунун коду UTTTден UZTTге өзгөрдү, ал эми Самарканд эл аралык аэропортунун коду UZSS болуп калды.