
Чолпон-Ата жана Анталья боордош шаарлар болушту
Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен Чолпон-Ата жана Анталья шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштарды орнотуу боюнча протоколго кол коюу аземи болуп өттү.
КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул окуя Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүнүн жаңы этабын белгиледи.
Расмий иш-чаранын алкагында Чолпон-Ата шаарынын мэри Данияр Сатаров мырза Анталья шаарынын мэри Мухиттин Бөжеккө көрсөтүлгөн меймандостугу үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, бул протокол биздин элдерибиздин ортосундагы салттуу достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Шаарлардын ортосундагы кызматташтык туризмге жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция тартуу сыяктуу ар түрдүү тармактарда жаңы перспективаларды ачары айтылды.
Келечектеги кызматташтыктын алкагында шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, Ысык-Көлдүн жээгиндеги зоналарды оңдоо, курулуш технологиялары жана экологиялык таза чечимдер боюнча тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары, жолугушууда Кыргыз тарап Чолпон-Ата шаарында туризм тармагында квалификациялуу кадрларды даярдоого жана билим берүү тармагындагы кызматташууну активдештирүүгө көмөк көрсөтүүчү Кыргыз-Түрк окуу борборун түзүү боюнча перспективдүү долбоорду сунуштады.
Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулу Рустам Кошоновдун айтымында, бул протоколго кол коюу инвестицияларды тартуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, эки өлкөнүн шаарлары менен аймактарынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөнүн маанилүү кадамы болуп саналат.