Талас шаары менен Түркиянын Гөреме калаасы расмий түрдө бир тууган шаар болду
Талас шаары менен Түркиянын Гөреме муниципалитетинин ортосунда бир тууган шаарлар тууралуу расмий протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан кабарлашты.
Салтанаттуу иш-чара Гөреме шаарында өтүп, эки тараптын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болду.
Аталган иш-чарага КРнын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Эаныбеков баштаган депутаттар жана расмий өкүлдөр катышты.
Эки шаар маданий, социалдык жана экономикалык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана туризм тармагындагы байланышты чыңдоо боюнча макулдашышты.
Кол коюу аземинде Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков бул кызматташтык Талас шаары үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Гөреме шаары дүйнөгө белгилүү Кападокия аймагынын туристтик борборлорунун бири болуп саналат. Бул кызматташтык Талас шаарынын эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө, туризм жана маданият тармагындагы өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү күтүлүүдө.
