Бишкек башкы архитектура ишканасы Мамкурулуш агенттигинин карамагына кайтарылды
5 сентябрь

Бишкек башкы архитектура ишканасы Мамкурулуш агенттигинин карамагына кайтарылды

Максаты — мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү иштин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Бул чечим архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга бирдиктүү мамилени камсыз кылат, ошондой эле бул чөйрөдө борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы аракеттерди координациялоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.