Кызматташууну тереңдетүү жана санариптештирүү: Кыргызстан менен Кореянын бажы кызматтары жолукту
6 апрель

Кызматташууну тереңдетүү жана санариптештирүү: Кыргызстан менен Кореянын бажы кызматтары жолукту

КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев менен Корея Республикасынын Бажы кызматынын комиссары Мён-гу Ли жолукту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, тараптардын практикалык кызматташууну тереңдетүү жана маалымат алмашууну кеңейтүү боюнча пикир алышты. 

Эки тараптуу жолугушуу Корея Республикасында өткөн Korea Customs Week 2026 иш-чарасынын алкагында уюштурулду.

Тараптар бажылык администрациялоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл санариптик чечимдерди киргизүүгө, ошондой эле интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелерине бурулду. Анын ичинде контрафакттык продукцияны алып кирүүгө бөгөт коюу чаралары жана бул багыттагы кызматташууну чыңдоо маселелери каралды.

Ошондой эле бажы иштери боюнча кызматташуу жана административдик өз ара жардам көрсөтүү тууралуу макулдашуунун долбоорун илгерилетүү маселеси өзүнчө каралды. Документке ушул жылдын экинчи жарымында кол коюу күтүлүүдө жана ал эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн укуктук негизин бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Жолугушуу ишкердик жана конструктивдүү маанайда өтүп, эки өлкөнүн бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташуунун жогорку деңгээлин тастыктады.