Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 октябрь

Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдиүү таратты.

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын 23-25-октябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен төмөнкү аймактарда үшүк жүрөт:

  • Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка чейин,
  • Чүй облусунун түндүгүндө, Талас облусунун Кара-Буура районунда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда -3…-5°ка чейин,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.