Меккедеги мечиттердин биринде «адепсиз аракеттерди» жасоого айыпталган Бангладештин эки жараны өлүм жазасына тартылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 октябрь

Меккедеги мечиттердин биринде «адепсиз аракеттерди» жасоого айыпталган Бангладештин эки жараны өлүм жазасына тартылды

Сауд Аравиясында Меккедеги мечиттердин биринде «адепсиз аракеттерди» жасаган деп айыпталган Бангладештин эки жараны өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу падышалыктын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, соттолгондор — эркек менен аял коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалып, тергөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин алардын иши сотко өткөрүлгөн.

Сот аларды күнөөлүү деп таап, «тазир» деп аталган жаза системасынын алкагында өлүм жазасына өкүм кылган. Өкүм тиешелүү органдар тарабынан бекитилип, падышанын жарлыгы чыккандан кийин аткарылган.

Сауд Арабиясынын бийлиги жазанын катаалдыгын жасалган аракеттердин «оордугу жана олуттуулугу» менен түшүндүргөн. Алардын баамында, бул аракеттер ыйык жайдын кол тийбестигин жана ыйыктыгын бузган.

Ошол эле учурда расмий билдирүүдө эркек менен аялдын так кандай аракеттерди жасаганы айтылган эмес. Ошондой эле окуя болгон мечиттин аталышы жана мыйзам бузуу болжолдуу түрдө кайсы күнү болгону тууралуу маалымат берилген эмес.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына караганда, өлүм жазасына тартылгандар Назрул Ислам Абдул Басир жана Сити Ахтер болгон.

Бангладештин бийлиги Сауд Аравиясынын тарап өлүм жазасы чыгарылганы жана аткарылары тууралуу алдын ала кабар бербегенин билдирген.

Бангладештин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Шама Обайд Сауд Арабиясына окуянын жагдайлары тууралуу толук маалымат берүү өтүнүчү менен расмий суроо-талап жөнөтүлгөнүн маалымдаган.

Ошондой эле Бангладештин Жидда шаарындагы консулдугу да өз жарандарын өлүм жазасына тартуу тууралуу өкүм аткарылганга чейин кабардар болбогонун билдирген.