Баткенде мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык үйү жана конок үйү жаңыланууда
3 октябрь

Баткенде мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык үйү жана конок үйү жаңыланууда

Баткен шаарындагы мамлекеттик кызматкерлердин 32 батирлүү кызматтык үйү, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, алдыда кызматтык үйдүн алдына асфальт төшөлүп, айланасы көрктөндүрүлөт. Балдар ойноочу аянтчалар да курулат.

Мындан сырткары, Төрт-Гүл суу сактагычынын жээгинде жайгашкан конок үйү да капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, коноктор үчүн заманбап шарттар түзүлүүдө.

Курулуштар республикалык бюджеттен каржыланууда.

КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев курулуш иштеринен кабар алып, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, мөөнөтүндө бүткөрүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды.