Ажылыкка сапар алган кыргызстандыктардын алгачкы тобу Медина шаарына жөнөп кетти
Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу күн мурун, 10-майда Ош эл аралык аэропортунан Медина шаарына аттанды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ кызматкерлери, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази Хаким катышты.
КМДБ жетекчиси өз сөзүндө ажыларды убакытты үнөмдүү пайдаланууну, зыяратты шарият көрсөткөндөй орундатууну, ажылык – бул машакат экенин, андыктан ар кандай жагдайларда сабырдуу болууну насаат кылуу менен бирге, ажы башчыларга баш ийүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ал эми САПтын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази Хаким дагы зыяратчылардын ажылыгын кабыл болуусун тилеп, ажылардан жалпы үммөт үчүн дуба кылууну өтүндү.
Айта кетсек, алгачкы рейсте 180 зыяратчы бар.
