Ташиев Токмок шаарына атайын техникаларды тапшырды
Бүгүн, 2025-жылдын 3-октябрында Токмок шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө атайын техникаларды жана кызматтык унааларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К.Ташиев катышты. УКМК төрагасы өз сөзүндө тапшырылган атайын техника Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун атынан Токмок шаарын өнүктүрүү үчүн берилгендигин белгиледи.
К.Ташиев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы №325 буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын стабилдештирүү фондунан Токмок шаарына жалпы суммасы 2 миллиард 55 миллион 500 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүү чечими кабыл алынганын билдирди.
Бөлүнгөн каражаттар төмөнкү ири долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат:
1. Токмок шаарынын ички жолдорун капиталдык оңдоо жана куруу. Каржылоо: 1 млрд 812 млн 900 миң сом.
2. Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу. Каржылоонун суммасы: 134 600 000 сом.
3. Муниципалдык техниканы жана коомдук транспортту жаңылоо. Шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу 10 автобусту жана атайын бургулоочу техниканын эки бирдигин сатып алуу пландаштырылууда. Каржылоо суммасы: 108 млн сом.
Бул каражаттын бөлүнүшү шаардын инфраструктурасын жана социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө чоң салым кошот, ошондой эле шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Токмок шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №1 жана №2 орто мектептери үчүн кошумча окуу корпустарын куруу да каралууда.
А.С. Пушкин атындагы №1 жана № 2 кичи орто мектептер үчүн кошумча окуу корпустарын куруу долбоорлору боюнча долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгып, курулуш иштеринин башталышы 2026-жылга пландаштырылган.
Долбоорлор Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылга капиталдык курулуш объектилеринин тизмесине киргизилген. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
