Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
Бишкек шаарынын 5-кичи районунунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 5-кабатынан түтүн чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМден кабарлашты.
Өрттү өчүрүүгө саат 15:28де Свердлов райондук №3 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, ЫНК жана автошаты тартылган.
Кошумча саат 15:38де Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылган.
