www
3 июнь
XXI кылымда “буржуйка”. Сүлүктүдө балдар чыгармачылыгы кантип өнүгүп жатканы айтылды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исманали Жороев Сүлүктү шаарындагы балдар чыгармачылык борборунун имараты замандан бир топ эле артта калганын билдирди.
Айтымында, аталган борбордо 500дөй бала тарбияланат жана аларга 16 мугалим сабак берет. Бирок имарат начар абалда.
“Жылытуу системасы болбогондуктан, ушул убакка чейин кышында буржуйка менен жылытышат. Бул балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратат”, - деди ал.
Депутат президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берип, имаратты оңдоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоону көзөмөлгө алуусун суранды.
