Кыргызстанда бир жумада 20,1 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
16 сентябрь

Кыргызстанда бир жумада 20,1 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында 9-сентябрдан 15-сентябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 20 миң 109 жол эрежесин бузуу фактылары катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 611;
  • Мас абалында унаа башкаруу - 207;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 66;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 522;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 478;
  • Автоээнбаштык - 9;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 206;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 5;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 11005;
  • Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң 203  автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.