Бекешев бала бакча жана мектептердин менюсунан кант жана чайды алып салуу керек дейт
Кыргызстанда жаш балдардын 95 пайызы тиштин чириши (кариес) менен жабыркайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен билдирди.
Ал жаш балдар арасында тиш көйгөйү көбөйүп жатканынын башкы себептеринин бири катары бала бакчадагы жана мектептеги туура эмес тамактанууну атады.
“95 пайыз, элестетип көргүлө. Бул өтө өкүнүчтүү цифра. Бир себеби – туура эмес тамактануу. Ал кайсы жерде болот? Бала бакчада, мектепте. Ал жакта балдарыбыз эмне жеп жатышат? Кант. Бала бакчада бардык тамакка кант кошушат: компот, айран, ботко, булочка. Ал аз келгенсип кант кошулган чай беришет. Кыргызстанда темир жетишсиздик аз кандуулук көп экенин эске алсак, чайды 18 жашка чейин бербеш керек. Кант кошулбаган компот, жөнөкөй суу турганда, чайдын эмне кереги бар. Чайды бала бакчанын, мектептин менюсунан алып салыш керек. Ушундай бир начар адат бар. Буга көңүл бургула. 95 пайыз деген оңой цифра эмес. Дээрлик ар бир кичинекей кыргызстандык тиш көйгөйүнө кабылып жатат. Айрым улуу кишилердин дагы оозу сасыйт. Гигиенаны кошпогондо, ал дагы туура эмес тамактануудан”, - деди депутат.
Ал тиш көйгөйү барып-барып жүрөк жана башка органдардын көйгөйүнө айланаарын белгилеп, балдардын тамактануусуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.
