«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда колдоо тапты
20 март

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда колдоо тапты

Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору менен тааныштырган депутат Марлен Маматалиев анын максаты Министрлер кабинетинин ишин өркүндөтүүгө багытталганын белгиледи. 

Атап айтканда, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүн «Кызматтык зарылдык болгон учурларда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөсүнүн, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин кызмат ордун ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн иш стажына карата талаптарды эске албастан, тийиштүү иш чөйрөсүндө кесиптик тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат» деген абзац менен толуктоо сунушталган.

Муну менен чет жакта билим алып, мамлекеттик же муниципалдык кызматтардан сырткаркы тармактарда тажрыйба топтогон жаштарды аткаруу бийлигинин жетекчилик кызматтарына тартуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.