Депутат куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери, алардын үй-бүлөлөрү үчүн өзүнчө ооруканаларды ачууну сунуштоодо
Жогорку Кеңештин жыйынында “Элдик” депутаттык тобунун депутаты Райимберди Дүйшембиев өлкөнүн куралдуу күчтөрү түзүмү үчүн өзүнчө дарылануучу жайларды ачууну сунуштады.
Айтымында, ал өзү аскер кызматкери болуп турган учурда ушул сунуштарын тийиштүү тарапка жеткирүүгө аракет кылган, бирок жыйынтык чыккан эмес.
Ал Кыргызстанда акыркы жылдары медицина өнүгүп, инфраструктуралары жакшырып, медициналык жабдыктар сатып алынып жатканын белгиледи. Депутаттын айтымында, куралдуу күчтөргө өзүнчө медициналык мекемелерди ачуу мамлекеттик ооруканаларга болгон жүктү азайтат.
“Учурда ар кандай оорулар көбөйүүдө. Анын ичинде аскер кызматкерлери, ардагерлер бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Чек ара кызматынын медициналык пункттары квалификациялуу жардам көрсөтө албай, бейтаптарды мамлекеттик ооруканаларга жиберет. А Коргоо министрлигинин госпиталында орундар чектелүү жана лабораториялык жабдыктар эскиргендиктен, анализ үчүн жеке лабораторияларга жөнөтүшөт. Жыйынтыгында, КР “Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө” мыйзамында белгиленген, аскер кызматкерлерине медициналык акысыз камсыздоо боюнча өз милдеттенмелерин аткара алышпай келет”, – деди ал.
Ошондой эле депутат бул маселени чечүү үчүн сунуш жолдоду:
Биринчиси, Коргоо министрлигинин Бишкек жана Ош шаарларындагы жана Тамга айылындагы медициналык мекемелердин базасында үч медициналык борбор түзүү. Жана аны куралдуу күчтөрдүн госпиталына айландыруу. Ошондо ал жерде өлкөнүн куралдуу күчтөр түзүмүнө кирген бардык кызматтардын кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана ардагерлер сапаттуу медициналык жардамга ээ боло алышат.
Экинчи, алардын имараттарын жаңылоо, медициналык жана лабораториялык заманбап жабдыктар менен камсыздоо.
