Ысык-Көл облусунда электр тармактары жаңыланууда
Энергетика министрлиги тармакты жаңылоого багытталган реформанын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөөдө. Анын катарында кардарларга туруктуу жана сапаттуу электр энергиясын берүү максатында «КУЭТ» ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын курулуш-монтаж участогу керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатында активдүү иштерди улантууда.
Тактап айтканда, 2025-жылдын башынан бери төмөнкү иштер аткарылды:
- Чырпыкты айылында 1 чакырым ВЛ-10 кВ электр чубалгысы тартылып, 2 даана шаар тибиндеги комплекттүү трансформатордук подстанция (ГКТП) орнотулду;
- Көк-Мойнок айылында 2 чакырым СИП изоляцияланган зымдары тартылды;
- Тилекмат айылында 5 чакырым 10 кВ аба чубалгысы курулуп, 2 даана ГКТП орнотулду;
- Алтын Логистика объектисинде 1 чакырым 10 кВ электр зымдары курулуп, 1 даана трансформатордук подстанциянын орду алмаштырылды;
- 0.4 кВ электр зымдарынын 0,4 чакырым участогу реконструкцияланды;
- Ой-Тал айылында 2 чакырым СИП зымдары тартылды;
- Чоң Жаргылчак айылында 0,2 чакырым 10 кВ аба чубалгысы жана 2 чакырым СИП зымдары курулду.
- Күрмөнтү айылында 1,8 чакырым СИП зымдары тартылды.
- Жогоруда айтылган иштердин алкагында 268 жаңы темир-бетон тирөөчтөрү орнотулду.
Бул иштер электр энергиясынын сапатын жогорулатууга, электр тармагындагы жоготууларды азайтууга жана абоненттерди туруктуу электр менен камсыздоого багытталган.
Курулуш-монтаж кызматы мындан ары да энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу жана электр тармактарын жаңылоо стратегиясынын алкагында пландаштырылган иштерди улантат.
