Баткен облусунда заманбап мөмө-жемиш кластери түзүлөт
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
3 июнь

Баткен облусунда заманбап мөмө-жемиш кластери түзүлөт

Баткен облусунда заманбап мөмө-жемиш кластер түзүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында министр Эрлист Акунбеков Баткен районундагы 187 гектар аянтты камтыган «Баткен мөмө-жемиш кластеринин» долбоору менен таанышты.

Долбоор деградацияланган жерлерди өздөштүрүүгө, органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө жана заманбап агротехнологияларды киргизүүгө багытталган. Анын алкагында логистикалык борбор, муздаткыч кампалар, кайра иштетүүчү объекттер жана тамчылатып сугаруу системалары курулат.

Долбоордун негизги максаты — мөмө-жемиш өндүрүшүн көбөйтүү, экспортту өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү.