КР ИИМдин Россиядагы өкүлү Исмайил Сагыналиев каза болду
16 сентябрь

КР ИИМдин Россиядагы өкүлү Исмайил Сагыналиев каза болду

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 45 жашында милициянын полковниги Сагыналиев Исмайил Алмейсович, күтүүсүз жерден каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Исмайил Сагыналиев 1979-жылы 9-январда туулган. ИИОдо өз ишин 2003-жылдан баштап Бишкек шаардык ИИБ ППСМ полкунун милиционери кызматынан баштаган. Андан ары ар кандай бөлүмдөрдүн ыкчам кызматтарынын жетекчилик курамында иштеген.

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү болуп дайындалган. Ал кесиптештеринин арасында урмат-сыйга ээ болгон. Кызмат учурунда мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, кесиптештери жана ардагерлери Исмайил Сагыналиевдин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат. Анын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө калат.