Бишкек шаарында ири жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталды
14 октябрь

Бишкек шаарында ири жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө, Көк-Жар айыл аймагынын мурдагы айыл өкмөт башчысы (азыркы учурда Ош облусунун Ноокат районунун акими) Ч.Э. жана ири жер үлүштөрүнүн ээлери О.С. жана Ж.Т. катышкан коррупциялык схема аныкталды.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ч.Э. жогоруда аталган адамдар менен алдын ала сүйлөшүп, ири жер үлүштөрүн мыйзамсыз түрдө майда тилкелерге бөлүп, жеке турак жай курулушу үчүн деп сатуу иштерин уюштурганы аныкталган. Натыйжада аталган жер тилкелери жарандарга үй куруу максатында сатылган.

Мындан улам, Көк-Жар айыл аймагынын №172 контурунда мыйзамсыз турак жай курулуштары массалык түрдө жүргүзүлүп, электр мамычалары орнотулуп, суу түтүктөрү тартылып жана жолдорго шагыл төшөлгөн. Бул мыйзамсыз курулуштардын кесепетинен айдоо жерлердин кыртышына олуттуу зыян келтирилип, мамлекетке 2 миллиард сомдон ашык көлөмдө материалдык чыгым келтирилгени аныкталган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ШИИББинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого шектелип, 1982-жылы туулган Ч.Э. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда кылмышка шектүү Ч.Э. ушул сыяктуу дагы бир нече фактыларга тиешеси бар экендиги аныкталып, тергөө амалдары улантылууда.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча жалпысынан 12 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттун чечими менен камакка алынган.